Электрондук тамеки менен кальяндын салыгы 10 эсе жогорулайт. Жаңы кодекс

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКыз электрондук тамеки менен. Архив
Кыз электрондук тамеки менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Салыктык ставкалар кадимки тамеки менен теңделип, натыйжада жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кальян, электрондук тамеки, вейп сыяктуу тамекини алмаштыруучу каражаттардын акциздик салыгы 10 эсеге жогорулайт. Бул туурасында жаңы Салык кодексинин долбоорунда жазылган.
Ага ылайык, 1 000 даанасына 2 250 сомго чейин (ысытылуучу тамеки таякчалар, ысытылуучу тамеки капсулалары жана башка) акциз салыгын көбөйтүү, башкача айтканда, кадимки тамекинин салыгы менен теңдөө каралууда.
"Азыркы учурда тамекини алмаштыруучулар кеңири колдонулууда, салык салуу шарттарын теңдөө үчүн аталган категориядагылардын акциз салыгынын ставкасын жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынды. Бир даана ысытылуучу тамекиге болгон акциз салыгы кадимки чылымдын акциз салыгынан 10 эсеге аз. Салыкты көтөрүүнүн натыйжасында жылына бюджетке кошумча 50 миллион сом түшөрү болжолдонууда", — деп жазылган долбоордо.
Ошондой эле мындай норманы киргизүүгө жакында коомдук жайлар менен мекемелерде чылымдын бардык түрүн чегүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганы да түрткү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0