Акылбек Жапаров жергиликтүү бийликтин колуна канча акча берерин тизмектеди

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Кыргызстандагы 452 айыл өкмөттүн 377си (83,4 пайызы) дотацияда турат, ал эми 75и өзүн-өзү камсыз кылууга жарамдуу.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинен төрагасы Акылбек Жапаров республикалык кеңешмеде аймактарды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бийликке бериле турган каражат тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы 452 айыл өкмөттүн 377си (83,4 пайызы) дотацияда турат, 75и өзүн-өзү камсыз кылат. Трансферттер боюнча жаңы ыкманы киргизүү пландалууда.
"Киреше салыгы 100, роялти 50 пайыз жергиликтүү бюджетке өтөт. Сатуудан түшкөн салыктын 30 пайызы да берилет (мурда 100 пайыз болчу). Коммуналдык кызматтардын баарын өзүбүздүн мойнубузга алалы деп турабыз. Мектептерди толук республикалык бюджетке которобуз. Бишкек менен Оштон тышкары айыл аймактардын мектебин республикалык бюджеттен каржыласак 1,3-1,5 миллиард сом керектелет экен", — деди Жапаров.
Киши телефон аркылуу сүйлөшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Акылбек Жапаров: элибиз телефон менен ушакташууга 20 млрд. сом коротуп жатат
Ошондой эле ал облустарды, райондорду, райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүү фонддору түзүлөрүн белгиледи. Ири тоо-кен ишканалары жок Ош менен Баткен облустарынын фондуна республикалык бюджеттен жылына 50дөн 100 миллион сомго чейин бөлүнөт.
25 районго 700 миллион сом каралып жатат, анын ичинен ар бир районго 20-40 миллион сомдон берилет. Ошондо айыл өкмөттөрдө өнүгүүгө болжол менен 5 миллион сом акча болот. Райондук маанидеги 18 шаарга 30 миллион сомдон берилет. Баткен облусунун өзгөчө статусуна байланыштуу жыл сайына өнүгүүгө 500 миллион сом, Нарын облусуна Кумтөр аркылуу 500 миллион сомдун тегерегинде чегерилип турат.
"Бул каражаттын 20 пайызы коронавирус менен күрөшүүгө берилет, элди кор кылбаңыздар, колунда жокторго дары алып берип туруңуздар. 20 пайызын социалдык долбоорлорго, өлүм-житим болуп жардам сурап келгендерге жумшаңыздар. Ал эми 60 пайызы экономикалык долбоорлорго сарпталышы керек. Бул акчалар жоголуп кетпей, кайра кайтарылып, жыл сайын көбөйүүсү абзел", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Ошону менен катар ал Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн 3,2 миллиард сомду завод, фабрикаларды ачууга жумшабай, мектептерди эки-үч ирет оңдоп, дубалдарын 10 сыйра сырдап чыгышканын мисал келтирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0