Жапаров: Токтогулдагы суу кенен жетмек, бирок коңшуларга бербей коё албайбыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Учурда Токтогулдагы суу Кыргызстандын электр энергиясы үчүн эле колдонулбай, Казакстан менен Өзбекстанга сугатка берилип турат.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коңшу өлкөлөргө суу бербесек, Токтогулдагы суу өзүбүзгө кенен жетмек, бирок биз анте албайбыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, Токтогулдагы суу Кыргызстандын электр энергиясы үчүн гана колдонулбай, Казакстан менен Өзбекстанга сугатка берилип турат.
"Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн Токтогулду толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун, буудай жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат. Демек, биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат", — деди Жапаров.
Мунун алкагында жакында эле Казакстан 10 миң тонна ун жана башка азык-түлүк, Өзбекстан 3 миң тонна ун жана башка азык-түлүктөн жардам бергенин айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0