Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалар. Архив
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында чет өлкөгө 6,2 килограмм алтын экспорттолгон, июлда бир дагы грамм алтын тышка сатылган эмес.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстан август айына карата 20 килограммга жакын алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Январь-июнь айындагы экспорт 4 тонна 141 килограмм 879,4 граммды түзгөн. Бул көлөм 234 миллион 909,7 миң долларга бааланган. Июнь айында чет өлкөгө 6,2 килограмм алтын экспорттолгон, июлда бир дагы грамм алтын сатылган эмес.
Эгер сегиз айдын маалыматын карай турган болсок, чет мамлекетке 4 тонна 161 килограмм 443,8 грамм алтын жөнөтүлгөн. Наркы 235 миллион 45,9 миң долларды түзгөн. Ошондо августта 19,6 килограмм алтын экспорттолгон. Статкомдун маалыматы боюнча, баалуу металлдар Түркия менен Италияга сатылган.
Ошол эле учурда өткөн жылы августта өлкө 780 килограмм алтын экспорттогон, тагыраагы, экспорт быйыл 40 эсе аз.
Эгерде январь-август айларындагы экспортту былтыркы жыл менен салыштыра турган болсок, 8 тонна 351,6 килограмм айырма чыгат. Мындайча айтканда, ушул жылдын сегиз айында алтын 8,3 тоннага аз экспорттолгон.

Экспорттун төмөндөшү боюнча божомол

Мамлекеттик органдар өткөн жылы эле 2021-жылы баалуу металлдарды казып алуунун көлөмү төмөндөй турганын болжогон. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кумтөр менен Талды-Булак Сол Жээк кенинин алтын азыраак жеринен казуу иштери жүргүзүлөт. Мындан сырткары, "Кыргыз алтын" өндүрүшүн консервациялоо күтүлүп жатат. Анткен менен Жер-Үй (ишке кирди) жана Чаарат кендерин иштетүү пландалып жаткан.
Киши доллар купюралар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Мигранттар быйыл Кыргызстанга көбүрөөк акча которду. 8 айлык статистика
Эске салсак, май айында Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилген. Жаңы администрациянын берген маалыматына караганда, кен пландык режимде иштеп жатат жана казуу иштеринин көрсөткүчүн кармап турууга ниет кылууда.
Эске сала кетсек, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" ишканасын ишенимдүү жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарган.
Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кени тышкы башкарууга өткөндөн кийин беш тоннадан ашык алтын казылып, 100 миллион сомдой пайда көргөнүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0