Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ИИМ экономикалык кылмыштар боюнча башкармалык түзүү зарылчылыгын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев
ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Финпол жоюлгандан кийин экономикалык жана кызматтык кылмыштар ИИМге өткөн.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинде экономикалык кылмыштар боюнча адистештирилген атайын башкармалык түзүү зарылчылыгы бар. Бул туурасында ИИМдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Азамат Дүйшөналиев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Кыргызстанда кылмыштуулук өсүп жатат — ИИМ кандай чара көрүүдө" деп аталган брифингге катышты.
Тергөөчүнүн айтымында, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) жоюлгандан кийин экономикалык жана кызматтык кылмыштар ички иштер органдарынын тергөө кызматына өткөн.
"Бүгүнкү күндө ички иштер органдарында дал ушул категорияга кирген 4 436 иш кабыл алынды, ошондой эле мурда кыскартылган 2,5 миң иш архивде сакталууда. Кызматтык жана экономикалык кылмыштарды иликтөөнүн өзгөчөлүгү бар. Бири-бирин кайталоону жоюу үчүн 2014-жылы иликтөө ИИМдин түзүмүнөн чыгарылып, Финполго берилген. Учурда ИИМде экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча адистештирилген атайын башкармалык жок. Азыркы тапта аны түзүү зарыл деп эсептейбиз", — деди Дүйшөналиев.
Белгилей кетсек, Финпол үстүбүздөгү жылдын март айында жоюлган. Өкмөт аталган орган экономикалык коопсуздукту камсыздабай, жазалоо менен гана алектенип калганын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0