Соцфонд жоюлуп, пенсиялык фонд түзүлөт. Жапаровдун билдирүүсү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин жетекчилигине сунушталып жаткан Акылбек Жапаров Социалдык фонддун милдетин эки органга бөлүп берерин айтты.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызстанда Социалдык фонддун ордуна Пенсия фонду түзүлөрүн министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер болуп жаткан Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, Соцфонддун функцияларын Пенсия фонду менен Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигине (социалдык жөлөк пулдарды төлөө) беришет.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров парламентке Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинетинин курамы менен түзүмүн парламентке сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0