Сегиз айда Кыргызстандан 335 млн. доллардан көп акча сыртка чыкты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Эгер башка жылдардын январь-август аралыгында сыртка которулган акчасын салыштыра турган болсок, анда быйылкы жылдыкы рекорд болуп эсептелет.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Быйылкы жылдын январынан август айына чейин Кыргызстандан 335 миллион 90 миң доллар сыртка которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлады.
Мында жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу жиберген каражаты гана эсептелген. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул убакыт аралыгындагы суммадан 32 миллион долларга көп.
Эгер башка жылдардын январь-август аралыгында сыртка которулган акчасын салыштыра турган болсок, анда быйылкы жылдыкы рекорд болуп эсептелет.
  • 2021 — 335,09 миллион доллар;
  • 2020 — 303,1 миллион;
  • 2019 — дээрлик 336 миллион;
  • 2018 — 336,3 миллион.
Башка жылдары көрсөткүчтөр 300 миллион доллардан аз болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0