Салык азайса бензин арзандайт. Өкмөт нефтетрейдерлердин сунушун колдойбу

© Sputnik / Евгений ОдиноковАвтоунаага май куюу. Архив
Автоунаага май куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизген. Анда ишкерлер салык жаатында жеңилдик сураган.
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын салыкты төмөндөтүп берүү өтүнүчүн кабыл алуу үчүн өкмөткө ар тараптуу кепилдик керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев билдирди.
Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизген. Тагыраагы, быйылкы жылдын октябрынан декабрь айына чейин салыктын өзгөрүп туруу механизмин колдонууну сунуштады. Анда акциз салыгынын ставкасын убактылуу төмөндөтүп жана дизель майын импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу демилгеленген.
"Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт", — дешкен ассоциациядан.
Министрдин орун басары нефтетрейдерлерден мындай кайрылуу болгонун, бирок кырдаалды терең талдоодон кийин гана чечим кабыл алынарын билдирди.
Ккүйүүчү май тапанчалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Бензин 3,7 сомго арзандашы мүмкүн. Нефтетрейдерлер сунуш берди
"Өкмөттүн күйүүчү майларга болгон акциздик салыкты базалык ставканын деңгээлинде төмөндөтүүгө укугу бар. Бирок биз күйүүчү май сатуучулар менен кенен отуруп сүйлөшүшүбүз керек. Себеби биз салыкты төмөндөтүп койгондо эле баалар канчалык деңгээлде түшөт же жок дегенде бир деңгээлде кармалып турат? Ошол эле учурда бюджетке зыян келбейби? Бизге кепилдик керек. Бардыгынын эсебин чыгарышыбыз керек", — деди Алиев.
Ошондой эл күйүүчү май сыяктуу импорттолгон товарлардын баасына келгенде болбой эле көп нерсе сырткы рыноктон көз каранды болуп жатканын кошумчалады.
"Бензиндин 90 пайыздан ашыгы импорттолот. Демек, баа бир гана акциздик салыктан көз каранды эмес. Дүйнөлүк рынокто нарк көтөрүлүп кетсе, Кыргызстанда ошол бойдон сактап калабыз деп биздин нефтетрейдерлер кепилдик бере албайт. Ушунун баарын талдоого алгандан кийин гана чечим кабыл алышыбыз керек", — деди министрдин орун басары.
Жакында эле ассоциациянын күйүүчү май боюнча ички рынокто мурдагыдай бааны кармап туруу аракети ишкерликке көлөкөсүн түшүрүп, май куюучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуп салышы толук мүмкүн экенин айтышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0