Жалпы суммасы 6,8 млрд. сом. Өкмөт ишкерлерге пайызсыз насыя берүүнү баштады

© REUTERS / Dado Ruvic / IllustrationСитуация в мире из-за пандемии коронавируса
Ситуация в мире из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жазылуу
Патент менен иштеген майда ишкерлер 100 миң сом, чакан жана орто ишкана ээлери 850 миң сомго чейин ала алышат.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган программа Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.
"Долбоордун максаты — майда, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү. Анын алкагында 72 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз каражат берилет. Бул болжол менен 6 миллиард 84 миллион сом", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик каражат пайызсыз негизде берилгени менен ал сумманы кайтаруу шарты бар экенин белгиледи. Башкача айтканда, үстөк пайыз кошулбай, негизги сумманы гана кайтарат.
Бул иштерди аткаруу үчүн төмөнкү банктар менен келишим түзүлдү:
  • "Айыл банк";
  • "Азия банкы";
  • "ФинансКредитБанк";
  • "Кыргызстан коммерциялык банкы";
  • "Борбордук Азиялык Капитал банкы".
Калктын финансылык жардамга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана долбоорго катышкан банктардын санын көбөйтүү максатында 1-октябрда төмөнкү банктар менен да келишим түзүлдү:
  • "Халык Банк Кыргызстан";
  • "Керемет банк";
  • "Дос-Кредобанк".
Ош облусундагы Сулайман-Тоо музеи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
"Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" музей комплекстерине 6 млн. доллар бөлүндү
Белгилей кетсек, сентябрдын башында кайсы компанияларга канча каражат берилери айтылган:
Патент менен иштеген майда ишкерлер үчүн жалпы 30 миллион доллар бөлүнөт. Ал бир карыз алуучуга 100 миң сомдон каралган;
Салык төлөп келген чакан, орто ишканаларга, юридикалык жана жеке тараптарга 42 миллион доллар берилет. Ар бир ишкер 825 миң сомго чейин ала алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0