Дубайдагы көргөзмө: Кыргызстандын павильонунун керемет видеосу

© Фото / Бусажида КасымбековаБүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai көргөзмөсү
Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai көргөзмөсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.10.2021
Жазылуу
Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai көргөзмөсү ачылды. Кыргызстанга эки кабаттуу павильон бөлүнгөн. Ал көрүүчүлөргө алты ай бою эшигин ачат.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды. Уюштуруучулар эки кабаттуу имарат беришкен.
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү. Көрүүчүлөр боз үйгө кирип, үй буюмдарын кармалап көрө алышат. Ошондой эле атайын технологиянын жардамы менен виртуалдык турга барса болот. Павильондо Sputnik Кыргызстандын долбоору да көрсөтүлүүдө.
Кыргызстандын стендинде дың жерлерди сугаруу жана өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери да көрсөтүлгөн. Expo-2020 Dubai 182 күн бою "Акылдарды бириктирип, жаркын келечекти түзөбүз" деген ураан астында инновация, өнөктөштүк жана кызматташуу үчүн платформа катары кызмат кылат.
© Фото / Бусажида КасымбековаБүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды
Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды
© Фото / Бусажида КасымбековаАнда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү
1/2
Бүткүл дүйнөлүк Expo-2020 Dubai (БАЭ) көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды
2/2
Анда көчмөн жашоо образына негизделген кыргыз элинин оригиналдуу маданиятын, салтын, үрп-адатын көрсөткөн экспозиция түзүлдү
14-декабрда дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында расмий өкүлдөрдүн катышуусунда Кыргызстандын улуттук күнү өткөрүлөрү күтүлүүдө. Программада мамлекеттин туусу көтөрүлүп, гимн жаңырып, эстрада жылдыздары ырдашат. Ошондой эле кыргыз-араб бизнес форуму, экспорттук продукциялардын көргөзмөсү жана туристтик форум камтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0