Абылгазиевди ээрден кулаткан радиожыштык 1 млрд. сомдон ашык киреше алып келди

© Sputnik / Табылды КадырбековБир миң сомдук купюралар. Архив
Бир миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт эки радиожыштыкты төмөн баада сатканын айтып чыгышкан. Бул иш боюнча бир нече адам коррупцияга шектелип кармалган. Кийин радиожыштыктар мамлекетке кайтарылган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын аймагында пайдалануу укугун берген 100 МГц көлөмүндөгү радиожыштыкты сатуу боюнча аукцион 27-сентябрда соңуна чыкты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Аукциондун жеңүүчүлөрү:

  • "Альфа Телеком" ЖАКсы (MegaCom) — 40 МГц (2300-2340 МГц) үчүн — 296 миллион 121 миң 600 сом;
  • "НУР Телеком" ААКсы (О!) — 20 МГц (2340-2360 МГц) үчүн — 353 миллион 235 миң 200 сом;
  • Sky Mobile ЖЧКсы (Beeline) — 40 МГц (2360-2400 МГц) үчүн — 360 миллион 64 миң сом сунуштаган.
  • "Натыйжада үч лот мамлекетке 1 миллиард 9 миллион 420 миң 800 сом киреше алып келди", — деп айтылат маалыматта.

Радиожыштык чыры

2020-жылдын 14-майында Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-жетекчиси Наталья Черногубова уюлдук операторлордун бири жана Байланыш комитетинин кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен кармалган. Андан кийин агенттиктеги коррупция иши боюнча беш адам колго түшүрүлгөн, арасында УКМКнын да кызматкерлери бар экени айтылган болчу.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Тергөө абагындагы Мухаммедкалый Абылгазиев үй камагына чыкты
20-майда депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште өкмөт эки радиожыштыкты төмөн баада сатканын билдирген. Эл өкүлүнүн айтымында, мындай аракет премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кийлигишүүсү жок ишке ашмак эмес. Акаев келтирилген зыянды 5 миллиард сом деп баалаган. Эртеси Абылгазиев айыптоолорго жооп берип, тергөөгө басым жасады деген кинеден оолак болуу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыккан.

12-июнда аталган иштин алкагында "Ала-ТВ" компаниясынын негиздөөчүсү кармалган (ушул компаниянын жыштыгы уюлдук операторго сатылганы айтылган).

15-июнда Абылгазиев бул ишке тиешеси жок экенин айтып, отставкага кеткен.

Кийин көрсөтүлгөн радиожыштыктар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте ишке ашыруу үчүн мамлекетке кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0