Кыргыз бийлиги Кумтөргө орду толгус зыян келтирүүдө. Centerra дагы бир доо койду

© Фото / Pexels / Sora ShimazakiСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Centerra кендин коопсуздук жана эксплуатациялоо боюнча олуттуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ушундай кадамга барып жатканын айтууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Centerra Gold Inc. "Кыргыз алтын" ишканасына карата алдын ала ыкчам чараларды колдонуу өтүнүчү менен эл аралык арбитраждык сотко кайрылды. Бул туурасында маалымат аталган компаниянын сайтына жарыяланды.

Centerra Кумтөр алтын кенинин коопсуздук жана эксплуатациялоо боюнча олуттуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн ушундай кадамга барып жатканын айтууда.

Компания кыргыз өкмөтүнүн карьерди басып алгандан кийин төмөндөгүдөй иштерди жасап жатканын жазган:

  • тез арада пайда көрүү үчүн алтын кошулмасы жогору болгон гана рудаларды казып кенди иштетүү планын четке кагууда;
  • адистештирилген суу насосторун туура эмес башкарып жатышат. Мунун кесепетинен мөңгүдөн эриген суу өтө көп өлчөмдө карьердин дубалдарынан агып түшүүдө. Ал түбүнө топтолгон сайын кендин эффективдүү иштешине тоскоолдук жаратат, көчүп түшүшү ыктымал;
  • жер астынан казып алууну пландоо, максатка ылайыксыз геологиялык жана экономикалык көз караштар Centerra компаниясынын көп жылдык инвестициясына эбегейсиз зыян алып келиши мүмкүн.

Centerra билдиргендей, кайрылган доосу БУУнун Эл аралык соода укугу комиссиясынын (UNCITRAL) эрежесине ылайык, Стокгольм, Щвецияда өтө турган эл аралык арбитраждык териштирүүнүн алкагында каралат.

Компания өз дооматында Кыргызстан жана "Кыргыз алтын" тараптан алтын кенде жасалып жаткан орду толгус зыянды болтурбоо үчүн арбитраждык соттун акыркы чечими чыкканга чейин ыкчам чараларды колдонууну сурайт. Анда кыргыз бийлигинен төмөнкүдөй буйруктарды чыгарышын талап кылууда:

  • Кумтөр кенин иштетүү боюнча мурда өкмөт тарабынан 2021-жылга карата бекитилген планды четке какпоо, кендин иши тууралуу Centerra компаниясына отчет берип туруу;
  • Кыргызстан жана "Кыргыз алтын" ишканасы Centerra акцияларын же "Кумтөр голд компанинин" активдерин тастыкталган каттоосу жок кимдир бирөөгө өткөрүп берүүдөн кармануу. Эгер андай болбосо, компания банкка салынган каражттын эсебинен төлөшү керек болот;
  • Кыргызстан жана "Кыргыз алтын" ишканасы арбитраждык процесске аралашуусун токтотсун. Анын ичинде жасалма айып пулдарды салуудан, салыктык доо коюудан, соттук териштирүүлөрдөн, ошондой эле Centerra өкүлдөрү менен кызматкерлерин коркутуудан алыс болсун.
Жаңылыктар түрмөгү
0