Кыргызстан малдын ич этин сатып алууну үч эсеге көбөйттү

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүБазарда эт сатуу. Архив
Базарда эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Жети ай аралыгында Кыргызстанга Украина баштаган беш өлкөдөн бир жүз элүү миң тоннага чукул ич эт кирген.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстан малдын ич этин сатып алууну үч эсеге көбөйттү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Жети ай аралыгында республика 143,9 тонна ичеги-карынды (135 миң долларга) сырттан алган. Бул көрсөткүч өткөн жылы 43,9 тоннаны (22 миң доллар) түзгөн.

Кайдан, канча көлөмдө сатып алган:

  • Беларусь — 20 тонна;
  • Казакстан — 5,5;
  • Россия — 58,4;
  • Украина — 54,2;
  • Өзбекстан — 5,8.

Жети ай ичинде Кыргызстандан Гонконг, Вьетнам, Түркия жана Египет 629 тонна ич эт алып кеткен. Бул былтыркы жылдын январынан июлуна чейинки мезгилге салыштырмалуу 14,7 тоннага аздык кылары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0