Кыргызстанда акчанын көлөмү боюнча рекорд коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча санап жаткан адам. Архив
Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Жазылуу
Эки ай катары менен Улуттук банктын маанилүү үч көрсөткүчү боюнча өлкөдөгү акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жеткени катталды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 1-сентябрда Кыргызстандын акча базасынын көлөмү боюнча рекорд коюлду. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматтарына таянып билүүгө болот.

Акча базасынын көлөмү 158 миллиард 782 миллион сом (былтыр рекорд августтун башында болуп, 155,4 миллиард сомго жеткен) болду.

Кеңири аныктамадагы акча базасы 167 миллиард 981,7 миллион (былтыр рекорд августта катталып, дээрлик 164,6 миллиардды чапчыган) деп катталды.

Пайдалануудагы акча 142 миллиард 145,4 миллион сомго жетти (былтыр рекорд августта катталып, 139,1 миллиард сомду көрсөткөн).

Деньги и очки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Акчанын көлөмү соңку жылдары өсүп жатат, кеңири аныктамадагы акча базасы 2017-жылы биринчи ирет 100 миллиард сомдон ашып, ошондон бери уланууда.

Аныктама

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын каражаты, анда насыя берүүчү уюмдардын кассаларындагы калдыктар да эсепке алынат.

Акча базасы — жүгүртүүдөгү акча жана финансы (депозиттик) уюмдарынын резерви.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — жүгүртүүдөгү акча, ага кошумча Улуттук банкта турган бардык резервдер (чет элдик валюталар жана сом) жана финансы уюмдарынын депозити.

Жаңылыктар түрмөгү
0