Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын экономикасы тууралуу божомолун жарыялады

© AFP / ROMEO GACADАзия өнүктүрүү банкы. Архив
Азия өнүктүрүү банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
Пандемиянын жаңы толкуну кайталанса же вакцинациялоо темпи жай жүргүзүлсө экономика артка кетери эскертилген.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасы 2021-жылдын экинчи жарымында калыбына келет, бирок коронавирус пандемиясынын кесепети сакталып калчудай. Бул туурасында Азия өнүктүрүү банкынын отчетунда жазылган.

Өлкө экономикасынын өсүү деңгээли быйыл 3,5 пайызга, кийинки жылы 5 пайызга жетери болжолдонууда. Деген менен пандемиянын жаңы толкуну кайталанса же вакцинациялоо темпи жай жүргүзүлсө экономиканы артка тартуу ыктымалдуулугу жараларын эскерткен. Аны менен катар чек аралар толук ачыла электиги, авиакаттамдар жана жол кыймылы жарым-жартылай жанданганы, ал эми ишкердик чөйрөнүн ишеними төмөн бойдон турганы белгиленген.

"Азык-түлүк баасынын инфляциясы жогору. Буга ташып келүү чынжырчасы жай темп менен жанданып, улуттук валютанын курсу долларга карата 2020-жылдан бери 20 пайызга түшүп кетиши таасир этти. Азык-түлүктүн баасы туруктуу жана ыкчам түрдө өсүп жатканын эске алуу менен Азия өнүктүрүү банкы 2021-жылы инфляция 10 пайызга жетерин, кийинки жылы 7 пайызга түшөрүн божомолдойт", — деп жазылат маалыматта.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Отчетто көрсөтүлгөндөй, 2021-жылдын биринчи кварталында учурдагы операциялардын эсебинин дефицити ички дүң продукциянын 4,6 пайызын түзгөн. Экспорт 9,5 пайызга кыскарган, анын басымдуу бөлүгүн алтын жана башка металлдар түзгөн. Ал эми машина, жабдуу, кийим, кумшекер көп ташылганына байланыштуу жалпы импорттун көлөмү 40,2 пайызга өскөн. Буга былтыркыга караганда 41 пайызга жогорулаган акча которуулар да өбөлгө болгон.

Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы майда кыргыз бийлигине пандемиянын кесепетин жоюу жана социалдык-экономикалык шарттарды жакшыртууга жардам берүү үчүн 50 миллион долларлык кредит жана грант берилгенин белгилеген. Ошондой эле саламаттык сактоо системасын чыңдоого чукул жардам көрсөтүү максатында 20 миллион доллар бөлүнгөнү кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0