Чет элдик валюталар менен алтын кымбаттады. Соңку маалымат

© AFP / ERNESTO BENAVIDESДоллар жана евро купюралары. Архив
Доллар жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар, евро жана алтындын баасы азыраак жогорулады. Ал эми күйүүчү май ошол бойдон калды.

Банктар жана акча алмаштыруу жайларында доллар менен еврону сатып алуу 5 тыйынга, сатуу 2 тыйынга кымбаттады. Тагыраагы, АКШ акчасы 84,68 сомдон сатып алынып, 84,88 сомдон сатылууда. Еврону сатып алуу 98,91 сом, сатуу 100,23 сомдон болууда. Рубль 1 тыйынга арзандады.

Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 56,8 сом;
  • АИ-95 — 61,8 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 56,9 сом;
  • АИ-95 — 61,9 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

Ал эми алтын кымбаттап, 1 граммы 5 сомго жогору сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0