"Кумтөр": Нью-Йорк соту тетик сатып алуу боюнча Кыргызстандын өтүнүчүн четке какты

© Photo / Pexels / Sora ShimazakiСудьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Тетиктерге Kumtor Gold Company кен тышкы башкарууга алынганга чейин буюртма берилген. Сырткы башкарууга алуу чечими чыккан учурда товар жолдо болчу. Ушул тапта тетиктер Латвия менен Нидерланддардын портунда сакталып турат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Нью-Йорктун Түндүк округунун банкроттук боюнча соту Кыргызстан өкмөтүнүн кенде иштеп жаткан жабдуулар үчүн маанилүү тетиктерди алып келүү өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Sputnik редакциясына соттук документтерди карап чыккан соң белгилүү болду.

Соттук отурум 15-сентябрда видеоконференция режиминде өтүп, ага Лиза Г. Бекерман судьялык кылды.

Документтеги маалыматтарга караганда, Caterpillar жүк ташуучу унаалары үчүн тетиктерге Centerra Gold Inc. компаниясынын Kumtor Gold Company туунду ишканасы тарабынан кен тышкы башкарууга алынганга чейин буюртма берилген. Сырткы башкарууга алуу чечими чыккан учурда товар жолдо болчу. Ушул тапта тетиктер Латвия менен Нидерланддардын портунда сакталып турат.

"Сөз болуп жаткан тетиктер чет мамлекеттерде гана өндүрүлөт. Кендин ишинин уланышы үчүн алар абдан зарыл болуп турат. Учурда көптөгөн тетиктер жетишпей жатат", — деп түшүндүрүштү кыргыз өкмөтүнүн жактоочулары.

Arnold & Porter Kaye Scholer LLP компаниясынын юристтери тетиктер кен тышкы башкаруу башталганына карабай убагында жеткирилиши керектигин айтууда.

Анткен менен судья Бекерман Kumtor Gold Company (Centerra тараптан) ишканасынын юристтери компания кенге ээлик кылбагандыктан, товарды өндүрүүчүгө кайтарып берерин айтканын билдирди. 

"Кумтөр голд компани" боюнча абал

2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча жалпысынан 4,3 миллиард долларлык доо арыз берүү каралган.

Зампредседателя кабинета министров, министр экономики и финансов КР Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жапаров Лондондогу ассоциациянын "Кыргыз алтын" боюнча чечимине комментарий берди
17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду. Учурда компанияны Теңиз Бөлтүрүк башкарып жатат.

21-май күнү Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри кыргыз өкмөтү менен мурдагыдай эле конструктивдүү диалогго барууга даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду ишканалары июнь айында Нью-Йорк түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылган. Процесс учурунда АКШнын банкроттук тууралуу федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" компанияларына коюлган бардык доолор автоматтык түрдө токтотулат.

15-сентябрь күнү Нью-Йорктун Түштүк округунун соту Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтүнө "Кумтөр" кени боюнча санкция салуу арызын четке каккан.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. "Кумтөр голд компани" анын туунду ишканасы. Кумтөр алтын кенинен түшкөн пайданын 26 пайызына Кыргызстан ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0