Министрлер кабинети: сугат объектилерин оңдоого 100 млн. сом бөлүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКанал куруу иштери. Архивдик сүрөт
Канал куруу иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Бөлүнгөн каражатка дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба объектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөрү айтылды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Апрель-июль айындагы нөшөрлөгөн жаандын, селдин кесепетинен талкаланган ирригациялык объектилерди капиталдык оңдоодон өткөрүү жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 100 миллион сом бөлүнөт.

Өкмөттүн маалымат кызматы буга тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун билдирди.

"Бөлүнгөн каражатка дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо максатында суу чарба объектилерин оңдоо иштери жүргүзүлөт. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине 2021-жылга каралган оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жыйынтыктоону камсыздоо милдети тапшырылды", — деп айтылган маалыматта.

Кыргызстанда быйыл кургакчылык болгонуна байланыштуу түшүмдүүлүк да төмөн болору күтүлүп жаткандыгын буга чейин Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги да билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0