Евро менен алтын арзандады. 15-сентябрга карата баалар

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү эртең мененкиге салыштырмалуу доллар менен бензиндин баасы дээрлик өзгөргөн жок. Ал эми евро арзандады.

Учурда долларды 84,68 сомго сатып алып (2 тыйынга арзан), 84,88 сомдон (1 тыйынга арзан) сатып жатышат. Ал эми евронун сатылыш баасы 8 тыйынга (101,77 сом) төмөндөдү. Теңге менен рублдин курсу билинер-билинбес гана өзгөрдү.

Күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 56,8 сом;
  • АИ-95 — 61,8 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 56,9 сом;
  • АИ-95 — 61,9 сом;
  • Дизель майы — 51,9 сом.

Алтындын баасы төмөндөп, 1 граммы 3 сомго арзан сатылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0