Уран кенин иштетүүгө уруксат берилбейт. Министрликтин билдирүүсү

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүДобыча урановых руд в Читинской области
Добыча урановых руд в Читинской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргызстанда уранды казууга уруксат берилбейт деп маалымат таратып, ага эки жүйө келтирди.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Уран жана торий кендерин чалгындоого, казууга уруксат берилбейт. Ал эми талкууга коюлган мыйзам долбоорундагы уран жана торий боюнча пункт алып салынышы да мүмкүн. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.

Урановые хвостохранилища в городе Майлуу-Суу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2019
Кыргызстанда уран калдыктары сакталган канча жай бар экени айтылды
Министрлик бул боюнча эки негиздеме берген. Биринчисинде 2019-жылы кабыл алынган "Кыргызстанда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө" мыйзамы күчүндө экенин айткан.

Экинчи жүйөнү талкуудагы документте уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес деп келтирген. Эскерте кетсек, Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга "КРдин жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө" мыйзам долбоорун койгон.

"Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес. Тагыраагы, үлүшү 100 пайыз мамлекетке таандык компанияга гана (жеке менчик компанияга тиешелүү эмес), ошондо да экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө уруксат берилиши мүмкүн", — деп айтылган бүгүнкү билдирүүдө.

Ошол эле учурда уран кенин иштетүү туурасындагы маселе такыр эле көтөрүлбөй калышы мүмкүн экендигин айткан.

"Эскерте кетсек, бул документ кабыл алына элек, коомдук талкууга гана чыгарылганын эске салабыз. Ошондуктан уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп айтууга эртелик кылат. Коомдук талкууда келип түшкөн сунуш, пикирлер эске алынып, документтен бул пункт алып салынышы да мүмкүн", — деп жазылган министрдик тараткан билдирүүдө.

Эске салсак, 2019-жылы ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков уран менен торийди казууга тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага чейин коомчулук нааразы болуп митингге чыккан. Буга Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булактагы уран кенин иштетүү боюнча аракеттер себеп болгон.

Мыйзамда төмөнкүлөргө тыюу салынган:

  • уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;
  • уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);
  • радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү, кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Кыргызстандын аймагына уран, торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0