Пандемиянын Кыргызстандагы ишканаларга тийгизген таасири. Статистика

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевОткрытие цеха по производству одноразовых медицинских масок в Бишкеке
Открытие цеха по производству одноразовых медицинских масок в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Былтыр республиканын экономикасында финансы-чарбалык ишмердүүлүктү 22 миң ишкана менен уюмдар алып барган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алганда кыргызстандык ишканалардын үчтөн биринен аз бөлүгү рентабилдүү болгон. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына таянсак, былтыр компаниялардын ишмердүүлүгүндө өсүш болгон деп мүнөздөлгөн. Алар жылдын жыйынтыгы менен киреше алып, андан сырткары, базасын бекемдеп алышкан.

"Бирок оң тенденцияларга карабастан рентабелдүү ишканалардын саны төмөндөгөн. Акыркы беш жылда сальдолоштурулган пайданын эң аз көлөмү жана операциялык эмес ишмердүүлүктөгү эң чоң чыгым байкалган. Муну менен бирге өз ара төлөмдөрдүн өсүү тенденциясы, ишканалардын банктарда кредит жана зайымдар боюнча карыздары көбөйгөн тейде калууда", — деп айтылат маалыматта.

Кафедеги жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Былтыр өлкөдөгү кафе-ресторандар 15 миллиард сомдон кол жууган
Начар тенденциялардын калыптанышына республикада COVID-19дун пандемиясына байланыштуу карантиндик жана чектөөчү чаралардын киргизилиши таасир эткени белгиленген.

Эң көп жабыр тарткандар соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, туризм бизнеси жана башка тармактар экени белгиленген.

"2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, ишканалар 25 миллиард сом пайда тапкан, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге аз", — деп айтылат маалыматта.

2020-жылы республиканын экономикасында финансылык-чарбалык ишмердиктерди 22 миңден ашык ишканалар жана уюмдар жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0