Уран менен торийди казууга бир шарт менен уруксат берилиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековУран казууга каршы митингдин катышуучулары. Архив
Уран казууга каршы митингдин катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2021
Жазылуу
Эске салсак, жарандардын нааразылыгынан улам 2019-жылы уран бар кендердин иштетилишине тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги уран менен торийди казууга бир шарт менен уруксат берүүнү сунуштап жатат.

"Кыргыз Республикасында жер казынасын пайдалануу маселелери тууралуу" мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Кен казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2019
Кыргызстанда кен тармагына берилген лицензиялар. Тармактар боюнча тизме
Документтин 16-пунктунда Кыргызстандын 100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъектилер жана мамлекеттик ишканалардын жүзөгө ашыруусун кошпогондо жеке, юридикалык жактар тарабынан уран, торий кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү, ошондой эле радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө тыюу салынары айтылган.

100 пайыз мамлекеттик үлүштүк катышы бар чарбакер субъектилер жана мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү аркылуу мындай иштерди жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленген.

Эске салсак, 2019-жылы ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков уран менен торийди казууга тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Бул мыйзам менен төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга;
  • уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө (уранды, торийди казып алууга);
  • радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү, кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө.

Кыргызстандын аймагына уран камтылган жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0