Дүйнөнүн бардар өлкөлөрү Кыргызстандан балды көбүрөөк сатып ала баштады

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүБал. Архив
Бал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Европадан араб өлкөлөрүнө чейин. Кыргызстандан бал сатып алгандар көбөйдү Үстүбүздөгү жылдын алты айында чет өлкөгө 944,8 миң долларга 228,4 тонна бал сатылган. Былтыркыдан 425 миң долларга көбөйгөн.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстан бир катар мамлекеттерге бал экспортунун көлөмүн жогорулатты. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитет  маалымдады.

Маалыматтарга таянсак, үстүбүздөгү жылдын алты айында чет өлкөгө 944,8 миң долларга 228,4 тонна бал сатылган. Былтыр ушул эле мезгилде 160 тонна (540 миң доллар) экспорттолгон.

Кыргыз балы Европадан араб өлкөлөрүнө чейин жеткен.

Төмөнкү мамлекеттер көбүрөөк сатып ала баштаган:

  • Сауд  Аравиясы — 63,4 тонна (өткөн жылы — 33,2 тонна);
  • Бириккен Араб Эмираттары — 36 тонна (19,9 тонна);
  • Кувейт — 29,2 тонна (17,3 тонна);
  • Япония — 25,2 тонна (3,7 тонна);
  • Испания — 19,1 тонна (2020-жылы сатылган эмес);
  • Франция — 17,8 тонна (4,7 тонна);
  • АКШ — 16,1 тонна (6 тонна);
  • Малайзия — 7,5 тонна (2020-жылы сатылган эмес);
  • Бахрейн — 2,5 тонна (0,1 тонна);
  • Иордания — 2,1 тонна (0,1 тонна).

Ошол эле учурда Түштүк Кореяга 1,3 тонна (өткөн жылы 10,3 тонна болгон), Катарга 4,3 тонна (7 тонна болчу) сатылып, экспорттун көлөмү азайган. Былтыр Кытайга 23,8, Оманга 2,8, Тайванга 9,9 тонна сатылган, бирок быйыл аталган өлкөлөргө жөнөтүлгөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0