Автоунаа импорту 3 эсеге азайды. Жарым жылдыкка статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТоктотуучу жайдагы автоунаалар. Архив
Токтотуучу жайдагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Январдан тарта июнь айына чейин өлкөгө жалпы суммасы 60,3 миллион долларга бааланган 5 494 жеңил автоунаа алып келинген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстанга автоунаанын импорту үч эсеге азайып кетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Январдан тарта июнь айына чейин өлкөгө жалпы суммасы 60,3 миллион долларга бааланган 5 494 жеңил автоунаа алып келинген. Былтыркы жылдын ушул учурунда бул көрсөткүч 20,5 миң автого жеткен.

Импорттун көлөмү азайганы менен төмөндөгү өлкөлөрдөн автоунааларды ташып келүү көбөйдү:

  • Россия — 1 536дан 2 592ге чейин;
  • Түштүк Корея — 238ден 1 143кө чейин;
  • Грузия — 167ден 457ге чейин;
  • Литва — 89дан 396га чейин.
  • Төмөнкү өлкөлөрдөн импорттун саны кыскарды:
  • Казакстан — 4 747ден 175ке чейин;
  • АКШ — 13 509дан 448ге чейин.
Жаңылыктар түрмөгү
0