Бензиндин кымбатташы. Антимонополдук орган май куюучу жайларга эки талап койду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАвтозаправочные станции сети "Газпромнефть"
Автозаправочные станции сети Газпромнефть - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Эгер Кыргызстандын атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдарындагы талаптар нефтетрейдерлер тарабынан бузула турган болсо, антимонополдук орган тийиштүү чара көрө тургандыгы эскертилди.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. 2021-жылдын январь-сентябрь айларында бензин 70 пайызга, ал эми дизель майы 50 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка караганда, аталган агенттик өз ыйгарым укуктарынын алкагында бааны кармап туруу үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатат. Бүгүн, 9-сентябрда, агенттик май куюучу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн. Анда бардык нерсе кымбаттап жатканына карабастан, бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталган. Ошондой эле төмөнкүдөй талаптар коюлган:

  • Ачык атаандаштыктын принциптерин сактоо;
  • Чыгымдарды оптималдаштыруу жана баанын деңгээлин кармаган ыкмаларды колдонуу жолу менен күзгү талаа иштеринин башталышында баалардын кескин жогорулап кетишине жол бербөө.

Эгер Кыргызстандын атаандаштык жөнүндөгү мыйзамдарындагы талаптар нефтетрейдерлер тарабынан бузула турган болсо, антимонополдук орган тийиштүү чара көрө тургандыгы эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0