Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

© AFP / MARK WILSONАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөрү айтылды. Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетин билдирген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, аталган макулдашууга Кыргызстан менен Венгриянын өкмөт башчылары 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюшкан.

"Аталган мыйзамдын максаты — Кыргызстан менен Венгриянын өкмөттөрү ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат. Фонд Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылайт", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда экономикалык жаатта кызматташуу, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү пландалууда. Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион долларды түзөрү айтылды. Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетин билдирген. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0