Кыргызстанда канча банк чыгым тартып иштейт? Статистика

© Sputnik / Валерий МельниковБанк. Архив
Банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 28 банк бар. Учурда алардын 23ү иштеп жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен жергиликтүү беш банк чыгым тартып иштеди деп табылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Билдирүүгө караганда, өлкөдө толук кандуу 23 банк иштейт. Анын ичинен 18и жарым жылдыкты жалпысынан алганда 1 миллиард 922,3 миллион сомдук киреше менен жыйынтыктады. Калган бешөө 88,8 миллион сом чыгым тартты.

Булардан тышкары, лицензиясы кайтарып алынган же жоюлуу коркунучунда турган беш банк бар. Алардын бири гана киреше көрсө (0,1 миллион), үчөө (биргеликте 2,7 миллион сом) чыгым тарткан. Бири эч кандай жыйынтык көрсөтө алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0