Жапаров чакан жана орто ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Документти ишке ашыруу үчүн чакан жана орто ишкердик субъектилерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин 2022-жылдан 2024-жылга чейин 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү тапшырмасы берилген.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган документти ишке ашыруу үчүн министрлер кабинетине эки айлык мөөнөткө эки тапшырма берилген. Алар:

  • чакан жана орто ишкердик субъектилерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кызматкерлердин санына жана эсептелген эмгек акысына жараша 2022-жылдан 2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө 27,25 пайыздан 22 жана 14 пайызга чейин төмөндөтүү;
  • бул жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү.
Жаңылыктар түрмөгү
0