Кыргызстандын ички карызы өсүп, жаңы рекорд жаратты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Мамлекеттик карыз сырткы жана ички карыздан турат. Акыркысы баалуу кагаздарды басып чыгаруудан куралат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Акыркы маалыматтарга таянсак (июнь), Кыргызстандын ички карызы 64 миллиард 472,9 миллион сомго жетип, рекорддук көрсөткүчтү жаратты. Мындай жыйынтыкка Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтарын карап чыккандан кийин келүүгө болот.

Аталган ведомствонун сайтына 1992-жылдан берки ички мамлекеттик карыз туурасында маалыматтар жарыяланган. Төмөндө анын кантип өскөнүн көрүүгө болот.

  • 1992 — 180,9 миллион сом;
  • 1993 — 1 миллиарддан ашкан;
  • 1996 — 5 миллиарддан ашып, андан соң өйдө-ылдый болуп жатып, бирок жылдын соңунда көбөйө баштаган;
  • 2009 — 8 миллиарддан ашкан;
  • 2011 — 12 миллиарддан көбөйгөн;
  • 2016 — 22 миллиарддан ашып кеткен;
  • 2017 — 30 миллиарддан өйдө чыга баштаган;
  • 2018 — 44 миллиардды чапчыган;
  • 2019 — 51 миллиарддан арбын болгон;
  • 2020— 58 миллиард сомдон да көбөйгөн.

Быйыл карыз ар бир айда улам көбөйүп, рекорд коюп жүрүп отурду (апрелди кошпойбуз, себеби анда 235 миллионго түшкөн). Өткөн рекорд май айында коюлуп, 64 миллиард 205 миллион болгон.

Мамлекеттик карыз сырткы жана ички карыздан турат. Акыркысы баалуу кагаздарды басып чыгаруудан куралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0