Садыр Жапаров октябрдан тарта жөлөк пул канча сомго өсөрүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 30-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке
Празднование 30-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2021
Жазылуу
Президент социалдык колдоого муктаж жарандардын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, жөлөк пулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулай турганын белгиледи.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилчү жөлөк пулдун көлөмү көтөрүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Ала-Тоо" аянтында кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Анын айтымында, 2009-жылдан бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулу 4000 сомдон жогорулаган эмес.

"Жөлөк пул октябрдан баштап 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Ал эми ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын социалдык жөлөк пулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат. Кыскача айтканда, социалдык колдоого муктаж жарандарыбыздын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, жөлөк пулдардын өлчөмү 2021-жылдын 1-октябрынан 50 пайызга, 2022-жылдын 1-январынан 100 пайызга жогорулайт", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0