ЕАЭБ аймагына убактылуу кирген автоунаалар 30-сентябрга чейин чыгарылышы керек

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүУнаа ташуу. Архив
Унаа ташуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2021
Жазылуу
Мурда кирген автоунаалар 30-сентябрга чейин ЕАЭБ аймагынан чыгарылбаса, бажы алымдарын жана салыктарды толугу менен төлөшөт.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрында жарандар коронавирус пандемиясы башталганга чейин убактылуу ташып келген автоунаалардын Евразия экономикалык биримдигинин аймагында туруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Чек аралар жабылып калып, автоунааларды убактылуу ташып келген жарандар аларды реэкспорт боюнча өз милдеттенмелерин өз убагында аткара алышкан эмес, бул олуттуу материалдык чыгымдарга алып келет.

Ситуация в Бишкеке из-за забастовок водителей маршрутного такси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Кыргызстанда ар бир автоунаа каттоо же кайра каттоодо сүрөткө тартып алынат
Ошондуктан Евразия экономикалык комиссиясы пандемия башталганга чейин ишкер адамдар тарабынан убактылуу алып келинген жеке автоунааларды жана башка транспорт каражаттарын бажы төлөмдөрүн албастан өлкөдө туруу мөөнөтүн бир нече жолу, адегенде 2020-жылдын 30-сентябрына, андан кийин 2021-жылдын 31-мартына чейин жана андан кийин 2021-жылдын 30-сентябрына чейин узарткан.

Мурда кирген автоунаа жана башка транспорт каражаттары үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин ЕАЭБ аймагынан чыгарылып кетпесе, бажы алымдарын жана салыкты толугу менен төлөөгө мажбур болору эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0