Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү да, агымы да азаюуда

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогульская ГЭС в Джалал-Абадской области
Токтогульская ГЭС в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр станциясы. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгып, энергетикалык негизги таяныч болуп эсептелет. Жылытуу маалынын машакатсыз өтүшү аталган суу сактагычтагы суунун көлөмүнө байланыштуу.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Акыркы күндөрү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азая баштады. Мындай жыйынтыкка "Электр станциялары" ишканасынын маалыматтарынан улам келүүгө болот.

Эске салсак, аталган объектидеги сыйымдуулук 19,5 миллиард куб метр, ал эми өтө азайганда 5,5 миллиардга жетип калат. Анын көлөмү суунун агып кириши менен чыгымдалышына жараша болот. Апрель айында анда 8,6 миллиард куб метр суу бар экени айтылган, бул, адистердин айтымында, кургакчылык таасирин тийгизгенден кийинки төмөнкү көрсөткүч. Ал эми майда 10 миллиард куб метрге чыгып, андан кийин 11 миллиардга көтөрүлгөн. 

© ОАО "Электрические станции"Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү да, агымы да азаюуда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

Эгерде динамиканы карасак, акыркы учурда суунун көлөмү көбөйгөндүгүн, бирок агып кирүү азайып, суу бир орунда туруп калганын байкоого болот. Эң көп агып кирген көрсөткүч августта катталган, тагыраагы, ал секундасына 828 куб метрди түзүп, бирок акырындык менен азайып, 328 кубга түшүп калган (25-август). Ал эми чыгым 300 куб метрден 500гө чейин чыгууда.

Суу сактагычка эң көп көлөмдө суу 19-21-августта топтолуп, 11 миллиард 967 миллион 75 миң кубду түзгөн. Андан соң 2 миллион 750 миң куб метрге кемиген. Акыркы эки күндө 11 миллиард 963 миллион 250 миң куб метрде кармалып турат.

Талас облусундагы Киров суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат. Сүрөт
Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы эң ири гидроэлектр станциясы. Ал өлкөдөгү жалпы электр кубатынын 30 пайызын иштеп чыгып, энергетикалык негизги таяныч болуп эсептелет. Жылытуу маалынын машакатсыз өтүшү аталган суу сактагычтагы суунун көлөмүнө байланыштуу.

Кыргызстандагы эң ири Токтогул гидроэлектр станциясы 12 жылда салынып бүткөн. Күн сайын ишке 2 500дөй адам чыгып, жумушчулар төрт мезгил бою күнү-түнү эмгектенген. Анын бийиктиги 215 метр, туурасы 292,5 метр болгон плотинасына эле үч миллион куб метрден ашык бетон жумшалган. Мындан сырткары, жумушчулар үчүн атайын шаарча салынып, жыл сайын 30 миллиондой рубль бөлүнгөн (55 миллион доллар).

Ал эми ГЭСтин суу сактагычынын алдында 25тей кыштак, бир кыш завод, бир аэропорт жана миңдеген гектар айдоо аянты калган. Кылымдын курулушу электр жарыгын гана өндүрүп тим болбостон, коңшу Казакстан менен Өзбекстандын сугат жерлерин суу менен камсыздайт.

Эске салсак, "Электр станциялары" ишканасынан жылытуу мезгилинде Токтогул суу сактагычындагы көлөм 15 миллиард куб метрден кем болбошу керектигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0