ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзаттын бирдиктүү рыногун түзүүгө макулдашты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖелезнодорожные цистерны для нефтепродуктов
Железнодорожные цистерны для нефтепродуктов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
Армениянын премьер-министри мындан аркы иштер бардык өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт деп ишеним артты.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү мунай жана мунайзат продукцияларынын жалпы рыногун түзүү концепциясына макул болушту. Бул туурасында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал бул жылы ЕАЭБ жана ЕЭК бирдиктүү рынокту негиздөө тууралуу эл аралык келишимди талкуулоого киришкенин белгиледи.

"Армения мунай жана мунайзат продукцияларынын жалпы рыногун түзүү маселелери боюнча комиссиянын маанилүү ишине канааттануусун билдирет. Биз беш принциптен турган жалпы рынокту түзүү концепциясын макулдашууга жетиштик. Мындан аркы иштер биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн баарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт деп ишенебиз", — деди Пашинян.

Ошондой эле ал энергетикалык потенциалды эффективдүү пайдалануу экономиканын туруктуу өнүгүшүн шарттай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0