Кыргызстандык ишкерлерге жеңилдетилген насыяны рубль менен берүү пландалууда

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүү2000 рубль купюралары. Архив
2000 рубль купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Жазылуу
Евразия өнүктүрүү банкы жана россиялык экспорттук банк менен түзүлгөн келишимдер Кыргызстандагы долбоорлорду льготалык негизде жана улуттук валютада каржылоого жол ача турганы айтылды.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чолпон-Атада өтүп жаткан кыргыз-россия бизнес-форумунда 10дон ашык келишимге кол коюлганын Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, фонддун атынан төрт келишимге кол коюлган. Ал ошондой эле жыйын учурунда улуттук валюталарды гана колдонуу маселесине өзгөчө көңүл бурулганын кошумчалады.

"Евразия өнүктүрүү банкы жана россиялык экспорттук банк менен түзүлгөн келишимдер Кыргызстандагы долбоорлорду льготалык негизде жана улуттук валютада каржылоого жол ачат. Бул өзгөчө Кыргызстандагы өндүрүш үчүн Россиянын рыногунан жабдыктарды, материалдарды сатып алууда актуалдуу болмокчу", — деди Новиков.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Акылбек Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунан чек арачыларды алууга чакырды
Анын айтымында, Евразия өнүктүрүү банкы кредиттик линия менен 50 миллион доллар, россиялык экспорттук банк 30 миллион доллар бөлөрү каралып жатат. Бул сумманын 200 миллион рубли берилген жана жакынкы аралыкта ишкерлер ала баштайт.

"Каржылоо рубль менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Себеби фонд каражатты рубль менен алган жана ата мекендик бизнеске салууга даяр", — деди төрага.

Ушул эле жыйында РФтин элчиси Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0