"Сары-Өзөн — Дыйкан" базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү

© Sputnik / Эмиль СадыровЖашылча-жемиш базары. Архив
Жашылча-жемиш базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Маммүлк башчысынын айтымында, мындан ары базардан төлөнүп жаткан каражаттын баары республикалык бюджетке түшүп турат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Сары-Өзөн — Дыйкан" базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Жогорку соттун чечими чыгып, мурда иштетип келген СПАП ачык акционердик коому утулган.

"Мамлекет бир нече жыл бою соттошуп келген экен. 2,96 гектар жерди ээлеген базар толугу менен мамлекетке өттү. Учурда инвентаризация процедуралары жүрүп жатат", — деди Бакиров.

Ошондой эле ал мындан ары аталган базардан төлөнүп жаткан каражаттын баары бюджетке түшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0