Кыргызстанда пилотсуз учуучу аппарат чыгарган компания түзүлөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПилотсуз учуучу аппараттар. Архив
Пилотсуз учуучу аппараттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин токтому менен "Шумкар" транс улуттук корпорациясы" ачык акционердик коому түзүлөт. Компаниянын уставдык капиталы — 100 миң сом.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Учкучсуз учуучу аппараттардын системасын өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында "Шумкар" транс улуттук корпорациясы" ачык акционердик коому түзүлдү. Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.

Документтин урунттуу учурлары:

  • өлкөнүн мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыздык катышуусу менен "Шумкар" транс улуттук корпорациясы" түзүлсүн;
  • Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду миң акцияга бөлүнгөн 100 миң сом өлчөмүндөгү уставдык капиталын аныктап, уюштуруучу катары иш алып барат;
  • аталган ААКтын уставын бекитип, каттоодон өткөрүү;
  • ачык акционердик коомдун коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөп, жайгаштыруу маселесин иштеп чыгуу;
  • Экономика жана финансы министрлигине уставдык капиталды түзүүгө 100 миң сом бөлүүнү тапшыруу.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттик администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0