"Институт Гидропроект" Кыргызстандын бийлигине бир нече долбоор сунуштады

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүГЭСте сууну төгүү учурунда. Архив
ГЭСте сууну төгүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Компаниянын башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы директору Тимофей Поздняковдун айтымында, кеп кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн кичи жана орто объектилер жөнүндө болуп жатат.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Россиялык "Институт Гидропроект" АКсы Кыргызстандын министрлер кабинетине республикадагы 15 перспективдүү гидроэнергетикалык долбоордун тизмесин сунуштады. Бул тууралуу институттун Бишкектеги филиалынын ачылышында башкаруу жана өнүктүрүү жаатындагы директору Тимофей Поздняков билдирди.

"Биргелешкен жумушчу топ түзүү пландалды. Менимче, келерки жумада аны бекитебиз. Биринчи кадамдар ушундан башталат. Алгач биз Кыргызстандын гидроэнергетикасын өнүктүрүү боюнча мастер-план жасашыбыз керек. Министрлер кабинетинин маалыматынын негизинде алгачкы 15 перспективдүү ГЭСтин программасы түзүлөт. Биз өкмөткө ишти баштоого дал келе турган 15 объектинин тизмесин бердик", - деди Поздняков.

Ал кеп кубаттуулугу 100 мегаватты түзгөн кичи жана орто объектилер жөнүндө болуп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0