Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү эки эсе азайды. Статистика

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБуудайдын түшүмүн жыйноо. Архив
Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Жазылуу
Буудайды жыйноо 41,4 пайызга кыскарган. Муну айыл чарба адистери кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги менен байланыштырууда.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кургакчылык жана сугат суусунун жетишсиздиги Кыргызстандагы негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн бир кыйла азайышына алып келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кумшекер жана суу май. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Бишкекте кумшекер менен майдын баасын көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө
Быйылкы аномалдуу жогорку температуранын жана өсүмдүктөрдүн өсүү мезгилинде сугат суусунун жетишсиздигинен улам буудайдын дүң жыйымы  41,4 пайызга, арпа 57,9 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү  31,2 пайызга, картошка 6,3 пайызга жана бакча өсүмдүктөрү 3,5 пайызга кыскарган.

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230,7 миң гектар аянттан жыйналган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга аз, 285 миң тоннага жакын же 52 пайызга аз дан бастырылганынан кабар берет.

Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жашылчанын дүң жыйымы 8,2 пайызга өскөнү белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0