Мөөнөтү өтүп кеткен насыялардын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

© Фото / Pexels / Mikhail NilovЖубайлар насыя төлөөнүн графигин карап жатышат. Иллюстративдик сүрөт
Жубайлар насыя төлөөнүн графигин карап жатышат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Өткөн жылдын аягынан бери банк системасында төлөө мөөнөтү өткөн насыялардын саны өскөнү байкалууда.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстанда төлөө мөөнөтү созулуп кеткен кредиттердин көлөмү 4 миллиард 686,9 миллион сомго бааланууда. Бул тууралуу Улуттук банктын июнь айынын аягындагы маалыматында айтылат.

Красноярский завод цветных металлов имени В. Н. Гулидова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
КРдин Улуттук банкынын запасы бир айда эле 70 миллион долларга азайды
Улуттук банктын классификациясына ылайык, 30 күн жана андан ашык убакытта төлөмдөр жүргүзүлбөгөн насыялар мөөнөтү өткөн деп эсептелет. Банктар берген насыялардын жалпы көлөмү 173,5 миллиард сомду түзсө, анын 4,7 миллиарды жогорудагыдай категорияга кирет. 

Белгилей кетсек, былтыр мындай кредиттердин жалпы көлөмү 2,7 миллиарддан 4,5 миллард сомго чейин жеткен. Бирок 2020-жылдын декабрынан тарта көбөйгөнү байкалууда. Ал айда 3,8 миллиард болсо, январда 4,1 миллиардды чапчыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0