Жапаров саммитте Борбор Азия өлкөлөрүн өнүктүрө турган негизги факторду атады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБорбор Азия өлкөлөрүн желектери. Архив
Борбор Азия өлкөлөрүн желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ири көлөмдөгү энергетикалык ресурстарга ээ экенин белгиледи.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Суу-энергетикалык ресурстарын натыйжалуу пайдалануу — Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуу өнүүгүсүнүн негизги фактору. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Ал Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү ири көлөмдөгү энергетикалык ресурстарга ээ экенине токтолду. Ошол эле учурда классикалык энергия булактары болгонуна карабастан, бүгүнкү күндө Борбор Азиянын экологиялык таза электр энергиясына өтүүгө олуттуу потенциалы бардыгын айтты.

"Биз Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору катары суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү жана натыйжалуу пайдаланууну эсептейбиз. Буга байланыштуу Кыргызстан энергиянын экологиялык таза булагы болуп саналган ГЭСтерди куруу боюнча бир катар долбоорлорду этап-этабы менен ишке ашырууга белсенүүдө", — деп сүйлөдү Жапаров

Ошону менен бирге президент маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү да маанилүү экенин кошумчалады.

Президенттер Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Гурбангулы Бердымухамедовду Түркмөнстанда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Деңиздеги сейилдөөдөн кайткан Борбор Азия президенттери. Фотофакт
"Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну эки тараптуу жана көп тараптуу форматта, анын ичинде бүгүнкү "беш тараптуу" диалог аркылуу дагы кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даяр экендигине басым жасады. Ошондой эле Борбор Азиядагы стабилдүүлүк менен өсүп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өз ара пайдалуу болгон өңүттөгү чечимдерди табууда региондогу өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогго даярдыгын билдирди", — деп жазылат президенттин маалымат кызматы тараткан пресс-релизде.

Эске салсак, учурда президент Садыр Жапаров Түркмөнстанда Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда. Анда Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери соода-экономика, энергетика, транспорт жана коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелерин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0