КРдин Улуттук банкынын запасы бир айда эле 70 миллион долларга азайды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүКрасноярский завод цветных металлов имени В. Н. Гулидова
Красноярский завод цветных металлов имени В. Н. Гулидова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
Республиканын эл аралык валюта резерви үчүнчү ай удаасы менен төмөндөп жатат. Алар сомдун курсун туруктуу кармап турууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандын алтын-валюта кору июль айында 70 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын ачык маалыматтарында айтылат.

Июнь айынын аяк ченинде валюталык резерв 2 миллиард 725,1 миллион долларды түзгөн. Өткөн айдын аягында 2 миллиард 655,4 миллион долларга чейин кыскарган. Азаюунун себеби маалыматта көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук банк өткөн айда интервенция жасаган эмес, башкача айтканда, эч кандай валюта сатып алган да, саткан да жок.

Чек ара көзөмөл пунктундагы жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Импорттоочулар электрондук коштомо кагазды кантип тариздей алары айтылды
Алтын-валюта резервинин рекорддук көлөмү 2020-жылдын августунда катталып, 3 миллиард долларга жеткен. Кийин ал кыскарып, андан ары бирде азайып, бирде көбөйгөн абалда турган. Май айынан тарта төмөндөө байкалган. Резервдер жарым жылдык импорттун чыгымын жабууга жетиштүү.

Алтын-валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат, алар: CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) жана алтын.

Белгилей кетсек, алтын-валюта резервинин көлөмүнүн мындай олуттуу олку-солкулугуна карабастан акыркы айларда алтындын үлүшү дээрлик үч эсеге (62,6 млрд.) азайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0