07:58 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
52 0 0

Мекеме ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына товар ташып кирген салык төлөөчүлөр үчүн керектүү маалыматы менен бөлүштү.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Импорттоочулар "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалымат системасынан "Жеке кабинет" аркылуу электрондук коштомо кагаздарды тариздей алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн Кыргызстандын ичине товар ташып келген салык төлөөчүлөр электрондук коштомо кагаздарды тариздөө үчүн www.sti.gov.kg сайтынын "Электрондук сервистер" бөлүмүндөгү "Жыйынды пост" системасына кирип, жеке кабинетин пайдаланса болот. 

"Жеке кабинеттен" коштомо кагаздарды тариздөөгө, зарыл болгон маалыматтарды аралыктан туруп эле суроого жана алууга, таризделген документтин статусун байкап турууга, башка келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

www.sti.gov.kg сайтынан электрондук коштомо кагаздарды пайдалануунун колдонмосу менен таанышып, толук маалымат алса болору кошумчаланды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн  ташылып келген товарларды эсепке алуу үчүн  "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" өткөрмө пунктулары, "Аламүдүн", "Кара-Балта", "Бишкек-1", "Кара-Суу" темир жол станциялары жана "Манас", "Ош" аэропорттору 2021-жылдын 1-январынан бери дал ушул "Жыйынды пост" автоматташтырылган маалымат системасы менен иштеп жатат.

Тема боюнча

Жыл башынан бери импорттон алынган салыктын көлөмү 5,2 млрд. сомго көбөйдү
Бизнес өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылды. Себеби
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, документ

ЭҢ МААНИЛҮҮ