Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЗал заседаний Жогорку Кенеша. Архивное фото
Зал заседаний Жогорку Кенеша. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Министр Акылбек Жапаровдун айтымында, экономиканын артка кетүүсүн алдын алуу үчүн ыкчам чечимдерди кабыл алуу талап кылынууда.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бүгүн парламентте "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоору үч окууда жактырылды.

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өткөн жылы пандемия шартында ыкчам чараларды көрүү үчүн чечкиндүү чечимдерди кабыл алуу үчүн өкмөткө ыйгарым укуктары жетишсиз болуп калганын билдирди. Мындай кечеңдөө көптөгөн адамдардын өмүрүнө терс таасирин тийгизген.

Келечекте мындай көйгөйлөр жаралбашы үчүн экономикада өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча механизм иштелип чыккан.

"Социалдык-экономикалык көйгөйлөр, жумушсуздуктун көбөйүшү, калктын кирешесинин кыскарышы жана жакырчылык деңгээлинин өсүшү сыяктуу экономикалык каатчылыктардын негизги элементтери башыбызга келип отурат. COVID-19 инфекциясынын кесепетинен өлкө экономикасы төмөндөп жатат. Мындай шартта өлкөнүн өнүгүшү ыкчам чечимдерди талап кылат. Экономиканын төмөндөшүн алдын алуу үчүн ушул мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Ал кырдаалга ыкчам жооп кайтаруу үчүн инструменттерди биздин колубузга берет", — деди Жапаров.

Кандай учурда экономикалык өзгөчө кырдаал жарыяланат:

  • Өткөн айга салыштырмалуу керектөө бааларынын индексинин өсүшү үч ай катары менен орточо 3,5 пайызга жогоруласа;
  • Ички дүң продукциянын көлөмү мамлекеттик карыздын суммасы белгиленген чектен 10 пайызга ашып кетсе;
  • Үч айдын ичинде ички дүң продукциясын түзүү экономика тармактарынын индекси 10 пайызга кыскарса;
  • Үч айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү 10 пайызга кыскарса;
  • Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 10 пайызга азайып кетсе;
  • Инвестициялык климаттын кескин начарлап, эки кварталда чет өлкөгө чыгып кеткен инвестиция 20 пайызга өсүп кетсе.

Өзгөчө кырдаал киргизүүнү Экономика жана финансы министрлиги министрлер кабинетине сунуштайт. Ал жети күндүн ичинде президенттин кароосуна жиберет. Мамлекет башчынын жарлыгы менен күчүнө кирет. Мындай режимдин мөөнөтү алты айга созулат. Анда министрлер кабинети салыктардын ставкасын өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүү укугуна ээ болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0