15:29 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
209 0 0

Мүлк фондунун төрагасынын айтымында, учурда Улуттук банк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар потенциалдуу кардар катары каралууда.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. MegaCom соода маркасындагы "Альфа Телеком" Улуттук банкка сатылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров парламентте мамлекеттин активдерин сатуу боюнча программа каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, учурда Улуттук банк сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар потенциалдуу кардар катары каралып жатат.

Вице-спикер Жогорку Кенеша Мирлан Бакиров в госрезиденции Ала-Арча, перед началом заседания где будет рассматриваться кандидатура на премьер-министра Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров
"Улуттук банк сатып алуучулардын бири катары чыгышы мүмкүн. Ал мыйзам долбоору дагы министрлер кабинетинин кароосунда. Эгер сатып алган болсо мамлекеттин мүлкү катары эле калат. Буга чейин сатуу аракети болуп, тилекке каршы, кардар чыккан эмес", — деди Бакиров.

Депутат Улугбек Ормонов мамлекеттик компанияны кайра мамлекеттик органга сатуунун логикасы түшүнүксүз болуп жатканын айтты.

Ал эми башкы банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул боюнча расмий сунуш түшө электигин билдирди. Бирок эгер сунуш келсе карап, анализдеп көрүп тиешелүү чечим кабыл аларын белгиледи.

Депутат Жогорку Кенеша от фракции Бир бол Улукбек Ормонов на заседании
Депутат Улугбек Ормонов
"Мен такыр түшүнгөн жокмун, бул эмне деген менчиктештирүү. Мүлк фонду башкара албай, Улуттук банкка берип жатабы? Менчиктин ээси ким болот?" — деп кайра сурады Ормонов.

Анда Абдыгулов мыйзам боюнча Улуттук банктын менчиги өкмөттүн менчиги болуп саналбай турганын билдирди.

Председатель Национального банка КР Толкунбек Абдыгулов во время брифинга о ситуации на валютном рынке Кыргызстана
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Башкы банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов

Ал эми Бакиров Улуттук банктын бюджети өзүнчө экенин, эгер компанияны сатып алса каражат Республикалык бюджетке түшөрүн айтты.

Тема боюнча

MegaCom жана 3 банктагы үлүштү сатуу боюнча мыйзам долбоор парламентке түштү
ЖКга 32 объектини менчиктештирүүгө документ түштү. Арасында MegaCom бар
Белгилер:
MegaCom, сатуу, Улуттук банк, бюджет, компания

ЭҢ МААНИЛҮҮ