ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевФлаги стран участников ЕАЭС
Флаги стран участников ЕАЭС - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Меморандум комиссия менен уюмдун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана иш-чараларын аныктайт.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.

ПМЭФ-2021. Работа стенда МИА Россия сегодня. День третий - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Малкина: ЕАЭБдин кеңейиши миф эмес, келечектин иши
Документке бүгүн, 22-июлда, ЕЭКтин өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министри Артак Камалян жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы директору Ерлан Байдаулет кол койгон.

Меморандум комиссия менен уюмдун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана иш-чараларын аныктай турганы белгиленет. Негизги ишмердүүлүгү Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерде айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

"Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири — бул азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Меморандум агрардык саясат маселелерин талкуулоого жана тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем", — деген Камалян.

ЕЭК министри комиссия менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун бирге иштеши тиешелүү маалыматтык базаны жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ислам дүйнөсүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалаган.

Ал эми Ерлан Байдаулет бул меморандум жемиштүү кызматташтыктын негизин түзөрүн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0