23:23 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
100 0 0

Быйылкы жылдын июнь айынын башына карата эсептегенде акчанын жалпы көлөмү 6,5-8,6 миллиард сомго өскөн.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда 1-июлга карата акча базасынын көлөмү боюнча абсолюттук рекорд коюлду. Бул туурасында Улуттук банктын маалыматтарын карап, салыштырып билсе болот.

Акча базасы 153 миллиард 77,2 миллион сомду (мурдагы рекорд былтыркы жылдын ноябрь айынын башында — 149,3 миллиард сом эле) түздү.

Кеңири аныктамадагы акча базасын алып караганда — 160 миллиард 537,2 миллион сомго (мурдагы рекорд былтыркы жылдын ноябрь айынын башында — 159,4 миллиарддан көбүрөөк болгон) жеткен.

Дагы бир рекорддук көлөм Улуттук банктын үчүнчү маанилүү (айлануудагы акча) көрсөткүчүндө да болуп, ал жалпысынан 136 миллиард 163,5 миллион сомду түздү. Былтыр ноябрда эң көп деген сан 116,4 миллион сомго чыккан.

Быйылкы жылдын июнь айынын башына карата эсептегенде акчанын жалпы көлөмү 6,5-8,6 миллиард сомго өскөн.

Аныктама

Жүгүртүүдөгү акча — бул калктын каражаты, анда насыя берүүчү уюмдардын кассаларындагы калдыктар да эсепке алынат.

Акча базасы — жүгүртүүдөгү акча жана финансы (депозиттик) уюмдарынын резерви.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — жүгүртүүдөгү акча, ага кошумча Улуттук банкта турган бардык резервдер (чет элдик валюталар жана сом) жана финансы уюмдарынын депозити.

Тема боюнча

Балыкчыда саатына 3 миң тоок сойгон ишкана ачылды. Сүрөттөр
Бензин алдыдагы айларда дагы 6-10 пайызга кымбатташы күтүлүүдө
Белгилер:
рекорд, акча, Улуттук банк, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ