Өлкө 180 миллион долларга аз алтын сатты. 5 айдын жыйынтыгы

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭң жогорку пробадагы алтын куймалар. Архив
Эң жогорку пробадагы алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Баалуу металлдын экспорту акчалай түрдө да, көлөмү боюнча да кыскарган. Үстүбүздөгү жылдын беш айында экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 тоннага азайган.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын беш айында алтындын экспорту акчалай түрдө дээрлик 180 миллион долларга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Ага ылайык, ушул жылдын январь-май айларында алтындын экспорту 4 тонна 135,7 килограммды (234,7 миллион доллар) түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде 7 тонна 973,9 килограмм (413,3 миллион доллар) алтын чет өлкөгө сатылган.
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Беш айда Кыргызстандан 200 млн. доллардан көп акча чыгып кетти. Рекорд
Эске салсак, мамлекеттик органдар баалуу металлдар аз казыларын өткөн жылы эле божомолдогон. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кумтөр (4,3 пайызга) менен Талды-Булак сол жээгиндеги (19 пайызга) кендин алтын аз камтылган жеринде казуу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, "Кыргыз алтындын" өндүрүшү да азаяры күтүлүүдө. Бирок Жерүй жана Чаарат алтын кендерин ишке киргизүү пландалган.
Белгилей кетсек, май айында Кумтөргө тышкы башкаруу киргизилген. Бирок жаңы жетекчилик жумуш мурдагыдай тартипте жүрүп жатканын жана тиешелүү өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетүүнү көздөшкөнүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0