Беш айда Кыргызстандан 200 млн. доллардан көп акча чыгып кетти. Рекорд

© AFP / ADEK BERRYАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Эгер акыркы жылдардагы беш айга карата (январь-май) маалыматтарды салыштырып көрсөк, быйылкы көрсөткүч көлөмү боюнча экинчи орунда.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Быйылкы жылдын январынан тарта май айына чейин Кыргызстандан 208,2 миллион доллар сыртка которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Мында жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу жиберген каражаты гана эсептелген.
Эгер акыркы жылдардагы беш айга карата маалыматтарды салыштырып көрсөк, быйылкы көрсөткүч көлөмү боюнча экинчи орунда. Былтыр ушул аралыкта өлкөдөн сыртка 163,7 миллион доллар каражат чыккан.
Төмөндө беш ай ичинде сыртка которулган каражаттын көлөмү 150 миллион доллардан ашкан жылдар көрсөтүлгөн:
  • 2020 — 163,7 миллион доллар;
  • 2019 — 209,8 миллион;
  • 2018 — 196,2 миллион;
  • 2017 — 156,2 миллион;
  • 2014 — 164,7 миллион.
Жаңылыктар түрмөгү
0