23:34 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
19610

Чыгыш өлкөсүнөн келген ишкерлер делегациясынын курамына "Корея Телеком", BS Grouр жана GS Retail компанияларынын өкүлдөрү кирген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов Түштүк Кореядан келген ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Чыгыш өлкөсүнөн келген ишкерлер делегациясынын курамына "Корея Телеком", BS Grouр жана GS Retail компанияларынын өкүлдөрү кирген. Жолугушуунун алкагында коноктор өз компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, өздөрүн Кыргызстанда кайсы тармактар кызыктырарын айтышты.

"Түштүк Кореяда телекоммуникация жаатында иш алып барган "Корея Телеком" Кыргызстанда туризм тармагында иштегиси келерин, ошондой эле билим берүү жаатында кызматташуу тилегин билдирди. Мындан тышкары, энергетика тармагын сапариптештирүү боюнча ниетин айтты. Жыйынтыгында бул ишкана менен Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.

Нефтини кайра иштетүү менен алектенип келген GS Retail компаниясы ушул тапта электрондук коммерция жана IT жаатына басым жасап жатканын билдирди.

Ал эми BS Grouр компаниясы энергетика, төлөм сектору, саламаттык сактоо жана басмакана тармактарында иш алып барарын белгиледи. Ал Кыргызстан менен биргеликте фармацевтикалык өндүрүш ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандын дагы бир катар мамлекеттик органдары кызматташууга сунуш катары презентацияларын көрсөттү.

Тема боюнча

КРдеги бизнеске мамиле кандай? Ишкерлер кеңешинин жетекчиси үн катты
Салык төлөбөгөн ишкерлерге жеңилдик берүү мөөнөтүн узартуу сунушталды
Белгилер:
Кыргызстан, Түштүк Корея, инвестициялар, экономика, кызматташтык

ЭҢ МААНИЛҮҮ