Түрк компаниясы Бишкекке монорельс курууну пландап, жерлерди көрүп чыкты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМосковский монорельс
Московский монорельс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Министрликтин кызматкерлери мэрия менен биргеликте түрк компаниясынын өкүлдөрүнө монорельс курула турган аймактарды көрсөтүп, тааныштырган.
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Түркиянын Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş компаниясы Бишкекке монорельс куруу маселесин карап, жерлерди карап чыкты. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Инвестициялар министрлиги менен Sky Ray Ve Оto Yedek Parça Ekipmanlari Üretim Sanayi A.Ş ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Анда негизги предмет катары ордо калаада монорельс куруу маселеси каралган.
"Аталган меморандумду ишке ашыруу жана транспорт системасы менен таанышуу үчүн 12-14-июль күндөрү Бишкекке аталган түрк компаниясынын төрагасы Нежметтин Генчйылмаз жана компаниянын инженер технологу Йылгай Йылмаз келип, инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов менен жолукту. Министр бул долбоорду иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргызстандын мамлекеттик органдары аларга колунан келген жардамды бере турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
13-июлда министрликтин кызматкерлери мэрия менен биргеликте түрк компаниясынын өкүлдөрүнө монорельс курула турган аймактарды көрсөтүп, тааныштырганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0